Бишкекте уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 10-февралда Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринде балдар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Аталган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги кафелердин биринен арыз ээсинин 16 миң сом турган чөнтөк телефонун жашыруун түрдө белгисиз жарандар уурдап кетишкен. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1996-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.