"Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендер тарабынан кызматкерлерге кол салуулар болуп жатат", - деп бүгүн, 11-февралда Ленин районунун акими
Чынасыл Чыныбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал көп баш ийбестиктер болуп жатканын айтты. "Ош базарынын" субъекттеринин жетекчилери менен жолуктук. "Береке", "Беш-Сары" жана башка ар кандай соода-сатык жүргүзгөнгө орундуктар бар. Жашыл базарда 120 орун, эт азыктарын жана ар түрдүү товар сатканга орундар бар. Алар орундуктарды эки айлык мөөнөткө ижарасын бекер кылууга макул. Эшикте соода кылгандар ал жерлерге барганга макул болбой жатышат.