"Эки жакты тең кароого чакырам". "Ош базарында" жумуш ордуна чапталып, аны коргогон аялдын видеосу тууралуу акимдин пикири

"Ош базарында" милиция кызматкери аялды тепкендеги видеосу тууралуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралда маалымат жыйында билдирди.
"Мен милиция кызматкери аялды тепкенин видеодон жакшы көрө алган жокмун. Ошол күнү ал аял тараптан жана кызматкер тарабынан РИИБге арыз жазылган. Бүгүнкү күндө териштирүү жүрүп жатса керек. Ал иш кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат ала элекмин. Ушундай окуялар болгон учурда бизди жаман көрүшөт. Эки жакты тең кароого чакырат элем. Биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштери менен мыйзамсыз нерселерди алып кетүүгө аракет кылышкан. Мындай иштер мыйзамсыз соода кылуу жоюлмайынча улана берет", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-02-11 14:19:15
Ушуга окшогондорго мыйзам барбы, тартип керек да, басып алып эле ишин бүтүрүп атышат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан