Жеңил атлетика боюнча уландар курамасы Минск шаарында өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын уландар арасындагы улуттук курама командасынын мүчөлөрү 25-28-февраль күндөрү Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында өтө турчу эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Аталган мелдеште жеңил атлетика боюнча уландар курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
1. Ева Кадырова;
2. Айнуска Калил кызы;
3. Карина Данилина;
4. Сабина Батаджиева;
5. Артем Питченко;
6. Рустам Рустамов;
7. Акжол Токтосунов;
8. Эльдияр Кадыров;
9. Тимур Токтобаев;
10. Куштарбек Таштанбеков, улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан