Биз социалдык тармакта

Жарандык активист Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна чыгарууну талап кылып акция өткөрдү

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна чыгарууну талап кылып акция өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгарды.

"Баш мыйзам долбоору коомчулуктун кеңири катышуусунда ачык-айкын талкуулансын. Жогорку Кеңештин сайтына долбоорду арткы дата менен илип туруп, эл электен өткөрүп жатат деген шылтооңорду койгула. Комитетте жана жалпы жыйында кароо учурунда адистер, окумуштуулар, жарандык коомчулук да катышсын. Долбоорду талкуулоо үчүн бир ай убакыт берилгени туура эмес", - деди ал.

Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу кечээ, 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирген.

"Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда демилгечилер эки маселе каралып бүткөн долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн", - деди ал.

Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору илинди. Былтыркы жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZALKARBEK.84
2021-02-11 16:36:33
Кайда караба жарандык активист. Чала сабат активист, митингчилер, блогер дегендер тажатты, кыргызстанда жашоодон үмүттү үздүрүп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан