Бүгүн, 11-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы бала каза болуп, 1 жаран жаракат алып ооруканага жеткирилгенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кырсыктын кесепетинен жалпы 3 адам жабыркаганын, анын бирөө каза болгонун, экөө ооруканага жаткырылганын билдиришти.
"79 жаштагы П.Г. аттуу аял "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди, учурда тиешелүү медициналык кароодон өтүп жатат.
Ал эми 16 жаштагы Ш.Х. шаардык балдар ооруканасына колу, буту сынган деген алдын-ала диагноз менен жеткирилди", - дешти мекемеден.