Америкалык мушкер Нейт Диас UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жакында беттештерге кайтып келет деп эсептейт. Бул тууралуу Диас ESPN спорттук басылмасына берген маегинде айткан.
"Карьерасын жыйынтыктоо анын акылдуу кадамы. Анткени ал мушташканды жактырбайт. Ошондуктан мен жеңил салмакта мушташкым келбейт. Бул чемпионбу? Эгер дагы деле мушташкысы келсе, анда эмне үчүн качып жатат? Себеби ал өзүн башкалардан жогору коёт. Менин оюмча Хабиб кайтып келет. Ал жөн гана UFC уюмунун жетекчилиги ага жалынып-жалбарышын күтүп жатат", - деген Диас.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.