Өлкөдө ушул айдын башынан тарта эттин баасы орто эсеп менен 3 сомдон 8 сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, республика боюнча уй этинин баасы 2 сом 77 тыйынга жогорулса, кой эти 8 сом 16 тыйынга, ал эми жылкы эти 2 сом 29 тыйынга өскөн.
11-февралга карата уй этине болгон эң жогорку баа Ошто байкалды. Анда бир килограмм эт 452 сом 48 тыйын болсо, Кара-Суу районунда 470 (жылкы эти 300 сом) сомду түзөт. Ал эми уй жана кой этине болгон эң төмөнкү баа Талас облусунун Манас районунда 375 сомду түздү. Нарында бир килограмм жылкы эти 445 сом болду.
Өлкөдө этке болгон баа өткөн жылдын аягында кескин жогорулап, 2 ай ичинде 280 сомдон 400 сомго чейин жеткен.