Бүгүн, 12-февраль күнү эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаарды кыдырып, санитардык тазалыктын сапатын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал эми мурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул маалыматтын астына "Байкебиз иштейт буюрса" деген билдирүүсүн калтырды.
Белгилей кетсек, Бактыбек Кудайбергенов шаар мэринин милдетин аткаруучу кызматына 10-февралда дайындалган.