Бүгүн, 12-февралда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши салыштырмалуу көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 12-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 183 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 207 метр куб, агып чыгышы 600 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Суунун суу сактагычка агып келиши эки айдан бери 200 метр кубдан аша элек болчу. Акыркы жолу 2020-жылдын 12-декабрында суу сактагычка суунун орточо күндүк агып кириши 204 метр кубду түзгөн.