"Бир күндүк сүйүү мамилеси". Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун сүйүктүүлөрү. Орусиялык модель Ирина Шейк жана 9 сулуу (тизме+сүрөт)

Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду учурда үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Бирок ал испаниялык модель Жоржина Родригес менен болгон мамилесинен кийин гана үч баланын атасы болду. Мындан улам анын азыркы сүйүктүүсү менен болгон мамилесине чейинки сүйлөшкөн кыздарын тизмектеп көрдүк.

1. Жордана Жардел - Роналдунун профессионалдык карьерасындагы биринчи сүйгөнү. Жордана "Спортинг" клубунун мурдагы футболчусу Марио Жарделдин карындашы. Ал Криштиану менен 2003-жылы таанышкан. Алардын мамилеси бир нече айга гана созулуп, түгөйлөр эки башка жолго түшүүгө аргасыз болушкан. Себеби Роналду Манчестер шаарына көчүп кеткен. Ал эми Жордана Лиссабон шаарында калууну чечкен.

2. Жемма Аткинсон - Британиялык модель жана актриса менен Роналду "Манчестер Юнайтедде" ойноп жүргөндө кыска убакыт мамиле курган. Жемма өзү маектеринин биринде Роналду аны азгырганга аракет кылгандыгын айткан.

3. Ким Кардашьян - Имиштерге караганда Роналду Кардашьян менен тез эле мамиле куруп кеткен. Бул окуя 2010-жылы болгон. Анда 25 жаштагы Роналду "Реалда" ойноп жүргөн кези болчу. Ал эми Кардашьян убакыт өткөрүү үчүн Мадрид шаарына үч күнгө учуп барган. Анда эки атактуу жергиликтүү ресторандардын биринен таанышып калышкан. Роналду менен Кардашьян ресторанда көңүлдүү, бири-бирине аяр мамиле жасап отурушкан.

4. Ирина Шейк - Криштиану орусиялык модель менен беш жыл бою 2010-жылдан 2015-жылга чейин сүйлөшкөн. Көпчүлүк ошол кездеги жылдыздар эки атактуунун мамилесине суктанышчу. Түгөйлөрдүн мамилеси Ирина Шейк Роналдунун апасы тууралуу айткан сөзүнөн улам бузулган.

5. Нерейда Гальярдо - Роналду менен Нерейда футболчу "Манчестер Юнайтедден" "Реал Мадридге" өтөр алдында бир нече убакытка гана мамиле курган. Кийинчерээк, Гальярдо Роналду жөнүндө эч нерсеге жарабаган сүйгөн адамы экенин айткан.

6. Люсия Виллалон - "Реал Мадрид" футболдук клубунун каналынын алып баруучусу Виллалон Роналду Шейк менен ажырашкандан кийин мамиле курган. Алып баруучунун "Реал" клубунун мыкты футболчусу менен мамилеси көпкө созулган эмес. Алар бир нече ай гана мамиле курушкан. Кийинчерээк Роналду клубдун башка кызматкерлери менен мамиледе болгонун билген.

7. Луана Белетти - 2006-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында жеңиш голун киргизген "Барселонанын" оюнчусу Жулиано Беллетти эсиңиздеби? 2009-жылы Жулиано өзүнүн эжеси Луананы Криштиану менен тааныштырган. Футболчу менен Луананын ортосунда сүйүү мамилеси башталып, эң кызыгы экөөнүн мамилеси бир гана күнгө созулган. Луана азыр дизайнер жана стилист болуп иштейт.

8. Даниэлла Чавес - Чилилик модель футболчунуну жүрөгүн бир азга гана багындырган. Бирок Роналду өзү бул маалыматты тастыктаган эмес. Бирок Чавес британиялык The Sun журналына берген маегинде мындай деген: "Алгач Криштиану аябай уялчаак болчу. Бирок тайманбас болуп чоңоюп, чыныгы адамга айланды. Ал мени жакшы көрчү. Мен жөн гана кыялымды орундатып, аны менен жыныстык катнашта болгум келген. Ал менин бетимди, көкүрөгүмдү жакшы көрчү".

9. Дезире Кордеро - "Мисс Испания-2014" сынагынын жеңүүчүсү Кордеро 2016-жылы Роналду менен мамиледе болгон. Көптөгөн башка кыздардан айырмаланып Кордеро футболчу менен эл алдына эркин чыкчу. Бирок эки атактуунун мамилеси көпкө созулбай, түгөйлөр 2016-жылы эки башка жолго түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azizbek81
2021-02-12 14:25:01
Анжелика менен дагы суйлошуп кой эми
+5
Marni
2021-02-14 02:35:29
Azizbek81,
0
Gulina90
2021-02-12 14:38:47
Семьясы барго,эмне кылат Эски дептерди ачып.
0
Mubarak
2021-02-12 14:47:45
Ее сулуусу Ирина екен
+3
bond02
2021-02-12 14:59:33
Чыныгы футболист экен, топту эле дарбазага киргизбей.....
+5
nurdan2018
2021-02-12 22:37:58
Акчан болсо калтанда талдандада талтанда..мындан дагы коп кыздарга гол киргизсе керек деп ойлойм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан