"Тилектери ишке ашпай..." Бишкектен Ысык-Көлгө байланыш зымдарын уурдаганга барган жарандар колго түштү

Ысык-Көлдө Бишкек шаарынын тургундары байланыш зымдарын уурдап жаткан жеринен жергиликтүү жаштар тарабынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамаларында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында түнкү күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан жаштардын көңүлү белгисиз Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага бурулат. Белгисиз унаанын артынан аңдыган жаштар, аталган унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү айылдын четиндеги өлкөдөгү уюлдук операторлордун бирине таандык болгон байланыш зымдарын кесип, уурдап жатканына күбө болушат.

Ошол замат алар уурдоого шектүү адамдарды кылмыш жасап жаткан жеринен кармашып, уюлдук телефон аркылуу өздөрүнүн аймактык милиция кызматкерине жана Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдиришет.

Алардын билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү такталган. Алар 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургундары М.Ч. жана С.А., ошондой эле 24 жаштагы Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну О.А.

"Алгачкы суракта шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой, Тамчы, Тору-Айгыр айылдарынан байланыш зымдарын уурдашкандыгын моюнуна алышкан. Алардан далил зат катары 144 метр узундуктагы байланыш зымдары алынды. Унаа райондук милициянын атайын токтотуучу жайына киргизилди. Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаев аймактын жергиликтүү жаштары менен кезиккен учурда аларды кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлерине өздөрүнүн колдон келген жардамдарын берүүгө чакырып кеткен. Аталган чакырыкты коомчулуктун активдүү катмары толук колдоого алышкандан улам өзүнүн жемиштүү натыйжаларын бере баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан