Биз социалдык тармакта

"Египет муфтиятында иштеген". Муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Жоробай Шергазыевдин өмүр баяны

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына ылайык муфтийдин милдетин убактылуу Жоробай Шергазыев аткарып жаткандыгы маалымдалган.

Жоробай Шергазыев учурда муфтийдин орун басары болуп эмгектенет. Анын кыскача өмүр таржымалы:

Жоробай Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1992-жылы Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкектеги «Хазрат Умар» атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон молдо Кабыл, молдо Хашим жана молдо Газылардан сабак алып, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан Египеттеги бүткүл дүйнөлүк «Ал-Азхар» университетине жөнөтүлгөн.

2004-жылы «Ал-Азхар» университетинин шариат факултетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары «Ал-Азхар» университетинин магистратурасында өзүнүн билимин жогорулаткан.

2006-2009-жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктап, 2009-2010-жылы Египет муфтиятында тажрыйба алуу максатында бир жыл эмгектенген.

2013-2015-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факултетинин магистратурасын аяктаган.

2010-жылдан бери Кыргызстан ислам университетине ага окутуучу болуп эмгектенип келет.

2011-жылдан тарта «Ыйман» мечитине имам хатиб, 2011-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнө адис болуп эмгектенсе, 2013-жылдан тарта фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ал эми 2016-жылдын февраль айынан тарта муфтийдин орун басары кызматын аткарып келүүдө.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-02-12 13:27:36
Окууну за очный окуган экен
-1
Nina.alex
2021-02-12 13:59:18
Kuban-1207,заочный окумак тургай мектепти бутпооондор деле чон кызммптта журушотко
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан