Каракол шаарынын ички жолдорун асфальттоо иштери жакынкы айларда башталат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын борбордук Токтогул, Пржевальск, Торгоев көчөлөрүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүү, суу түтүктөрүн алмаштыруу, тротуар жана жарыктандыруусун чечүүгө "Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан" керектүү каражат бөлүү боюнча иштер жүрүп жатат.
"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев шаардын ички жолдорун оңдоо боюнча өткөн жыйында билдирип, тиешелүү тармактын жетекчилерине даярдыктарды көрүү боюнча тапшырмаларды берди. Мындан тышкары Каракол шаарынын мэриясы өздөрүнүн бюджетине ылайык, бир катар көчөлөрдө оңдоо иштерин жүргүзмөкчү", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү документ иштери аяктаса, жолдорду асфальттоо жакынкы айларда башталат.