11-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып, 13 жаштагы бала каза болгон. Андан тышкары эки жаран жаракат алып, ооруканага кайрылганы маалымдалган.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришти.
"Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан 79 жаштагы аялдын абалы орто оор, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которуу пландалууда.
Ал эми шаардык балдар ооруканасында жаткан 16 жаштагы Ш.Х. аттуу баланын абал канааттандырарлык. Дарылануусун улантууда", - дешти мекемеден.