Биз социалдык тармакта

Шаардагы мектептер каржы маселесине байланыштуу ачылбай жатабы? Вице-мэрдин жообу

Бүгүн, 12-февралда калаада социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусунда жыйын өттү. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Жыйынга келгендердин көпчүлүгү мектептер качан ачылат деген суроо менен кайрылышты.

"Мектептерди жана бала бакчаларды каржы маселесине байланыштуу ачпай жатат деген ушак сөздөр социалдык тармактарда тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Мугалимдердин айлыгы өз убагында бюджеттен төлөнөт. Биз балдардан акчаны аябайбыз, болгону алардын ден соолугу үчүн сарсанаа болуп жатабыз.

Мектептердин ачылышын биз дагы каалайбыз. Бул жерде тобокелдик чоң. Кудай сактасын, бирок ооруп калышса, ооруканаларда орун барбы? Бардык окуучулардын жоопкерчилигин ким алат?" - деди Айжан Чыныбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан