UFC уюмунун мушкери Рафаэль Физиев бир кезде өзү окуган ИИМдин академиясына келди (сүрөт)

Бүгүн, 12-февралда UFCде жеңил салмакта мушташкан кыргызстандык мушкер "Атаман" каймана аты бар Рафаэль Физиев, ИИМдин генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академияга келди. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мушкер өзү окуган окуу жайдын мугалимдери, машыктыруучулары менен жолугуп, курсант кезиндеги кызыктуу окуяларды эскерип, андан тышкары спорттогу жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен бөлүшкөн.

"Андан соң Физиев ИИМдин Академиясынын спорт залдары менен таанышып, кызматкерлер жана курсанттар менен эстеликке сүрөткө түштү",- дешти мекемеден.

Жолугушуу ИИМдин Академиясынын Дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан