Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Медицина кызматкери Ысык-Көл облусунун тургуну болгон.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медицина кызматкери чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 4 миң 195 учур катталса, алардын ичинен 4 миң 117 медицина кызматкери сакайган.