Биз социалдык тармакта

"Андай деңгээлде орус тилинде кат жаза албайм!". Аалымдар Кеңешинин төрагасы Орусиянын муфтийине жазылган кат боюнча түшүндүрмө берди

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар Кеңеши, дин кызматкерлеринин арасында түзүлгөн кырдаалдагы маселени чечүүгө Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылганы маалымдалып, маалыматты Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү тастыктаган.

Андан көп өтпөй аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев бул маалыматты жалган деп билдирүү таратты. Ал бул билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мусулман агайын бир туугандар! Соцсеттердеги менин атымдан Орусиянын муфтийи Равил Гайнутдиндин атына жазылган кат боюнча билдирүү жасап коюуну туура көрдүм. Жазылган кат фейк. Туура, зарыл учурларда колдонулуу үчүн кол коюлуп, мөөр басылган актай кагаздар бар. Айтор ошол кагаздар уурдалып, анан жазылган окшойт.

Себеби аалымдар кеңешинен жазылган кат атайын бланкада чыгыш номерлери жана датасы коюлуп анан жазылат. Экинчиден кат Орусияга кайдан, тагыраагы, кайсы почтадан жиберилгени каралса да аныгы чыгат. Чынын айтсам, андай деңгээлде орус тилинде кат жазууга, менин орус тилин билүү чеберчилигим да жок. Бул жөн гана мени каралоо деп эсептейм. Бул боюнча тийиштүү жерлерге кайрылам", - дейт ал.

Бул маалыматты Абибилла Кадырбердиевдин өз оозунан угуу анын телефону өчүк болуп жатканына байланыштуу мүмкүн болбой жатат.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов SUPER.KG порталына айткан пикирин дагы бышыктап, социалдык тармактагы баракчасына кат чуусу тууралуу билдирүү жарыялады.

"Абибилла Кадырбердиевдин Орусиянын муфтийине жазган катты, өзү жана аалымдар кеңешинин кээ бир мүчөлөрү менен эле тымызын сүйлөшүп жазылганы бул чындык. Эмне дегенде эки күн мурун аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны алдында, бул маселени Абдышүкүр ажы Нарматов көтөрүп, Марс Ибраев окуп бергенине өзүм күбөмүн", - деп айтканын бышыктаган Нурдинов.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Burulsha
2021-02-13 14:41:17
Кимге ишенээринди билбейсинго.
+8
jaz99
2021-02-13 14:58:46
Burulsha,ошода
0
jaz99
2021-02-13 14:57:15
Вай тооба эмне болтасынар максатынар эмне менин оюмча Муфтиятты каралап жатат окшойсунар баарын Аллах коруп турат
+6
tavanova.sarah
2021-02-13 15:18:52
КТРка Садырга карап каланбы? Эч эле ушуга окшогон же Максат ажы жонундо айтпайго? Же мен корбой атамынбы?..
КТРка деле АЛАТОО 24 деле корсотпойт айтпайт..
Башка малда ак уйду басып алышты, кок уйдо митинг деп прямой корсотуп ийишет..
+6
bakyt78
2021-02-13 16:47:00
Биздин аалымдарыбыздын биримдиги жок экендигин эми билдим. Неге хиджапка окшогон маселелер чечилбейт десе, булардын ичи ирип калган экенда. Силер биримдикте болгонунарда кыргызстан качан эле дин менен жашаган мамлекет болмок. Муфтиятты тазалап чыныгы Аллаhтын буйругун аткарган жетекчилерди муфтиятка алып келиш керек экен. Жакында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев муфтиятты тазалап чыныгы аалымдарды коет деп ишенем. Алга Садыр, алга Камчы.
+2
Burulsha
2021-02-13 18:19:40
Абибилла Кадырбердиев дагы телефонун очуруп салбай прямой эфирден чыкпайбы.
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-02-13 20:59:20
Айтаарым бир, ич ара согушунар бул бир уят корунуш. Аны сыртка жарыялаганынар экинчи уят корунуш. Башка диндегилерге ислам динин жаман корсотконунор учунчу уят корунуш. Мунун ордуна баарынар тынч эле намазынарды окуп жата берсенерчи уйунордо. Аалымдар кенеши болбой эле ажыдар кенеши болуп калганбы не?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан