Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Бахапова көчөсүндө көчөт отургузулду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэриясынын аппараты катышты.
Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Анда шаар башчысы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-аракеттерине даярдыктар жакшы жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырган.
"Быйылкы жылдын алгачкы көчөт отургузуу иш-чарасына катышып жатабыз. Бахапова көчөсүнө ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулууда. Шаардыктарды жана келген конокторду жасалып жаткан көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, тебелеп, жулуп кетип жаткан айрым бир терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырам. Бул иш-аракеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналат", - деген Сарыбашов.
2021-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.
Ал эми эрте жазда шаар көчөлөрүнө 7 миңге жакын жоогазын гүлү жана жалпысынан 2 миллонго жакын ар түрдүү гүлдөрдү эгүү пландалып жатат.
Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаар аймактарына 20 миң түп дарактардын көчөттөрү отургузулат.