Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө жана Ала-Бел жана Чычкан капчыгайында кардын тынымсыз жаап жатканына байланыштуу, бүгүн, 13-февраль саат 17:30дан баштап, тыгындардын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык постунан, ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан оор жана коркунучтуу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жалпы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүлөрү керектигин эскертишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан