Буга чейин интернет желесине президент Садыр Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн өтүнгөн окуучунун видеосу тараган. Анда окуучу президентке салам жолдоп, Балбай баатыр айылына жаңы мектеп салып берүүсүн суранып жатканын көрүүгө болот.
Видеодо сүйлөп, популярдуу болгон окуучу Бекболот Бактыбековду президент Садыр Жапаров кабыл алмай болду.
Бул тууралуу маалымат менен блогер Канат Сагынбаев "Бекболот инибизди буюрса Садыр Нургожоевичке жолуктурабыз. Садыр Жапаров атайын чакыруу жасады. Баланын атасы да жолугушууга макул болду" деп бөлүштү. Ошондой эле Бекболот жеке баракчасына "мага президент Садыр Жапаровдон чакыруу келди. 2-3 күндө Бишкеке атам экөөбүз барып, жолугуп келебиз, күтүңүздөр!", - деп жазды.
Азырынча бул маалыматты президенттик аппарат тактай элек.
Бекболот Бактыбеков былтыр дюшес ичип отурган видеосу менен интернет жылдызына айланган. Тагыраагы, социалдык тармактарга 1-класстын окуучуларынын видеосу тарап, анда видеого тарткан жигит балдарды сөзгө тарткан. Окуучулардын бири "Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке. Дюшести карызга алдык эле. Ошону төлөп коёсузбу?" деген.