Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.
Медицина кызматкери Ысык-Көл облусунун тургуну.
Ал эми бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 4 миң 196 учур катталса, алардын ичинен 4 миң 118 медицина кызматкери сакайган.