Бүгүн, 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өттү. Бул тууралуу Баткендин жашоочулары социалдык тармак аркылуу кабарлашты. Топтолгондордун айтымында, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келишет. Анткени чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес.
"Башканы коюп, биринчи чек ара маселесин чечиңиз, Садыр Нургожоевич!", - деди митингге катышкан жарандардын бири.
Ал эми Баткен облустук бийлигинин басма сөз катчысы чалууга жооп бербей жатканына байланыштуу аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.