Чүй облусунун Панфилов районунда 40тан ашык кой уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылы 8-октябрь күнү Панфилов РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 8-октябрь күнүнө караган түнү арыз ээсинин сарайына белгисиз адамдар кирип, малчыларына күч колдонуп коркутуп, сарайдан 49 баш койун уурдап кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "Тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, үч жаран кармалган. Алар 1989-жылы туулган Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1982-жылы туулган К.З. аныкталган. Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда",- деп жазылат маалыматта.