Учурда үй камагына чыккан мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.
"Муфтий чет мамлекетке качып кетиптир, Түркияга качып кетиптир деген сөздөр чыгып жатат. Кудайдан корколу жана дагы кудайга чакырам. Эгер биз ушинтип бузула берсек, кантип мамлекет оңолот. Мен Бишкектемин, бала-чака үй-бүлөм менен. Азыр телефон албайм. Телефонду алып жооп бере бергенде кандай деген заман кетип жатат. Телефонду албай койгондун мааниси ал асманга учуп кетиптир деген эмес да. Ынтымакка келели. Азыр өлкө чоң оор убакытты башынан өткөрүп жатат. Жакында эле инаугурация болду, азыр бизди баары карап турат. Ар кимибиз ар жакка тарта берсек, эгемендиктен эмне калат. Дос болобу, бири-бирибизге жардам берели. Эгер дос боло албасак, анда душман болбойлу, жакшылык каалай албасак, жаман айтпайлы. Мактай албайбызбы, жамандабайлы, уят болбойлу. Баарыңыздарга чоң рахмат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.