"Жалгыз калдым деп ойлогом". Митингде оң колунан ажыраган Ырыскелдинин заманбап үлпөт тою өттү

Кечээ, 14-февралда Токмок шаарында октябрь окуясында оң колунан ажыраган Ырыскелди Табышбек уулунун заманбап үлпөт тою өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына байкеси Аден Турусбеков билдирди.
Анын айтымында, Кегети айыл өкмөтү жергиликтүү бийликтин атынан ак өргө салып ал деп жер тилкесин белек кылды.
Той күнү Ырыскелди көзүнө жаш алып: "Мен өзүмдү жалгыз калдым деп ойлогом. Көрсө, кыргыз эли бар экен. Колдооңорго рахмат. Бүгүн үч аталуу, үч апалуу болуп олтурам. Эки чоң аталуу, эки чоң апалуу болдум. Мени тапкан ата-энеме ыраазымын"- деп билдирген.
Ал эми Ырыскелдинин атасы: "Балам ооруканага түшүп калганда кан керек болду. Кесиптештериме айтсам дароо жетип келип кан беришти. Бүгүн мен учурдан пайдаланып кесиптештериме, аяштарыма, туугандарыма, кошуналарыма, Кегетинин жаштарына ошондой эле жалпы кыргыз элине терең ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир караңгы түндүн артында жаркыраган таң турат. Байкем менин жашымда үйлөнсө мен келиндүү болдум. Ачыгын айтсам бактылуумун", - деп кубанычын жашырган эмес.
Ырыскелди өткөн жылдын ноябрь айында өзү сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнгөнүн билдирген.
Буга чейин биздин порталга берген маегинде Ырыскелди митинг күнү көпчүлүк жаштар сыяктуу эле адилеттүүлүк издеп аянтка барганын, колунан ажыраганына карабастан ал жакка барганына өкүнбөй турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aselya_9105
2021-02-15 14:06:41
Аллахым эки дүйнө бакыт берсин.
+7
Taalaibek.
2021-02-15 15:53:22
Куш боонор бек болсун. Баатыр наамын бериш керек. Чондор ойлонгула бул Ырыскелдиге баатыр намын берип койгула.
-1
Kombi
2021-02-15 18:43:45
Туура кудай берген нематтан ажырап отурат баатыр наамын бергиле. Баатырларды барктабасанар келечек карангы болот.
-2
aslan_akjol89
2021-02-16 00:58:25
Бок жеп бардынбы???Айтчы бок жеп бардынбы?
Бок жегендер минус басасынар азыр.
+5
Mirnar
2021-02-16 08:02:56
Барбай эле койбопсун, биздин бейлик бул курмандыкка татыктуу эмес,унутуп калышат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан