Таласта 2 жашар баласын куткарам деген апа өзү дагы сууга чөгүп кетти (фото)

Таласта 2 жашар баласын куткарам деген апасы өзү дагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя, кечээ 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында болгон. Анда 2 жашар бала жана анын 1996-жылы туулган апасы куткарам деп кошо чөгүп кеткен.

Жерине ӨКМнын №101 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын атасы наристенин жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-02-15 13:16:46
Окунучтуу. Жакындарына сабр
+3
Aliza_96
2021-02-15 22:45:11
Энелер ай, баласы учун жанын дагы курман кылган энелер...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан