Биз социалдык тармакта

Эмилбек Кимсанов видео кайрылуу жасап, Матраимовдор боюнча буга чейин айткан сөздөрү туура эмес экенин билдирди

Бажы кызматынын Ош облусундагы мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов видео кайрылуу жасады. Анда ал Райымбек Матраимов менен элдешкенин, буга чейинки айткан сөздөрү туура эмес экенин айтып чыкты.

"Бүгүн мен жөнүндө бир-эки видео чыкты. Ал эски видеолор. Эски бийликтин учурунда мага "Азаттыктан" ушундай кыйын учурда Европадан качкын кылып виза алып беребиз, ушундай сүйлөсөң деген. Дагы бийликтин бир-эки өкүлү болгон. Ким айттырганы, ким мажбурлаганы айтылат. Мен Али (ред: Токтакунов) менен дагы байланышып, мага Матраимов эч качан буйрук берген эмес деп айткам. Бул эски видео, эч кандай чындыкка жатпайт. Убакыт, сааты келгенде баары айтылат.

Бажы боюнча айтканымдын баары туура эмес. Мен Раимбек Матраимовдон эч качан жалаа көргөн эмес элем. Көрсөм дагы биз сүйлөштүк, жигитче бүтүрүшүп алдык. Бул видеолордун баары эски. Мен айткан сөздүн баары туура эмес. Мен бир аз үй-бүлөмө өзүмдөн коркуп мажбур болуп айткам. Аны бир эки өкүл айттырган. Кези келгенде ачыкка чыгат",- деди Кимсанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bishkek312.
2021-02-15 12:16:56
Эски видео баары калп дейт го аларды көргөн эмесмин бирок сөзүңө караганда экинчи жүзүңдү ачып жаткан окшойсуң сен айттың беле, эскирип калдыбы жаңыланып алдыңбы кекиртегиңе тыкты же коркутту кечээги айтканын бүгүн калп деген эки жүздүүлүк дейт!
+11
aslan_akjol89
2021-02-15 12:30:13
Капкандагы карышкыр бошонуп чыкса коендун журогу тушуп жатыптыр да.
+7
Pchelka85
2021-02-15 12:36:22
"Жигит бир суйлойт"деген макал к сожалению маанисин жоготуп бараткандай... окунучтуу
+6
nazarnew
2021-02-15 12:51:01
Раимдин шайкасы патин чачылып коркуп атасыңбы, все уже поезд ушел, баары бир бүт эл билет уже ким экенин ал п....з экөөңдү.
+4
Kyrc...
2021-02-15 14:14:13
Сени эч ким мажбурлаган эмес бийлик алмашса Райымды камайт деп ойлогонсун, анан эле Садыр мн Камчы абан Райымдын акчасына алданып же коркуп камабай койгондо арканы ойлоп бул видеону чыгардын. Кыргызстанда Самара, Анжелика анан силер райымчылар кооп болуп кеттинер... кудай уул-кыз берсен намысы мн бер.
+7
KaGaH
2021-02-15 16:50:11
Жигит эмес катын экенсиң,жоолук салынып жүр эми
+3
Alia82
2021-02-15 17:04:54
Ушунчалыка барыпсын юбка кийип албапсын да биротоло
+2
Alinur96kg
2021-02-15 19:24:47
Раим лимон канча акча берди,ошону деле айтып койсон болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан