8-октябрь күнү Талас-Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Көз жумгандардын ичинде белбоо күрөшү боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери Жанболот Осмонов жана анын жубайы бар. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, спортчу Таластан Бишкекке "Даймлер Крайслер" унаасы менен келе жатып, автоунаа жолдон чыгып аңга түшүп кеткен. Каза тапкандардын өздүгү такталды, алар:
Жанболот Осмонов,
Рахат Жакыпова (Жанболот Осмоновдун жубайы)
Жеңиш Токенов
Раушан Жолдошбаева