SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында электр энергиясы бат-бат өчө берерин айтып, кайрылды.
Бул боюнча "Ош электр" тармагына кайрылганыбызда, 12-февраль күнү жыгач мамыча күйүп кеткендиктен электр энергиясы өчүрүлгөн.
"12-февраль күнү "Беш-Мойнок" 110 киловат көмөк чордонун 10 киловат "Фуркат" аба чубалгысында жайгашкан жыгач мамыча күйүп кеткен. Кара-Суу РЭТтин ыкчам оңдоо бригадасы жаңы мамыча орнотуп, электр энергия керектөөчүлөргө кайрадан берилди.