Кармалган "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы У.Э.А. карата баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февралда Биринчи Май райондук соту "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 12-апрелге чейин камоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалды.
"Тергөө иштеринде "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75 пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган ишкананын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Буга чейин 12-февралда аталган ишкананын төрагасы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалганы маалымдалган.