Кызды уруп, уюлдук телефонун тартып алган. Бишкекте тоноого шектүү кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милиция кайгуулунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-февралда болжол менен саат 2:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Дэн Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонумду уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 201-берене "Тоноо" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1999-жылы туулган Ө.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жаран арыз ээсин уруп, Redmi Note 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1993-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан