Биз социалдык тармакта

Академик Сабырбек Жумабеков "Жыл илимпозу-2020" эл аралык сыйлыгына татыды

Академик, Трамватология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков травматология жана ортопедия тармагында "Жыл илимпозу-2020" эл аралык сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, сынакта академик Сабырбек Жумабековдун клиникалык жана эксперименталдык травматология жана ортопедия жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдө төмөнкү эмгектери эске алынган:

  • алынган басылмалардын жана патенттердин саны;
  • докторлук жана кандидаттык тезистерди даярдоодо
  • насаатчылык кылуу;
  • илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуу;
  • илимий жетекчилик;
  • улуттук жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгону эске алынып, "Жыл илимпозу-2020" номинациясынын трамватология жана ортопедия жаатында жеңүүчү деп табылды.

Аталган сынакты Чикагодогу "International Achievements Research Center" (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) комитети уюштурган.

Сынакка дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулар, инженерлер, изилдөөчүлөр жана новаторлор катыша алат. Анда негизги талап илимий жетишкендиктери болушу абзел.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө эл аралык сертификат жана уюмдун белгиси берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Moskva93
2021-02-16 00:03:40
Кут болсун Өмүрүңүз узун болсун
+2
Asmat84
2021-02-16 08:06:16
Татыктуусуз ака сыйлыгыңыз кут болсун сиздей чыгаан инсандар көөп болсун
0
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-16 08:31:27
Кыргыз элинин бактысына коп жашаныз.Оору болбой эле койсун,бирок сиздей адам керек бизге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан