Каныбек Осмоналиев 1956-жылы 21-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Ал 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика мугалими адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.
1983-1986-жылдары Тарту (Эстония) мамлекеттик университетинин аспирантурасында күндүзгү бөлүмдө окуган.
Эмгек жолун 1977-жылы Ош облусунун Совет районуна караштуу Свердлов орто мектебинин физика мугалими болуп баштаган.
- 1979-1992-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинин лаборанты, лаборатория башчысы, окутуучу, доценти;
- 1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-техникалык факультетинин жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын доценти;
- 1994-2002-жылдары “Дастан” технологиялык университетин түзгөн жана ректору;
- 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык кеңешине Биринчи Май району боюнча атаандаштык негизде депутаты;
- 2002-2005-жылдары өкмөткө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун илим боюнча орун басары;
- 2005-2007-жылдары Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- 2007-2008-жылдары Билим берүү жана илим министри;
- 2008-жылы өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.