Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, эскерүү иш-чарасында апаатта курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, каза болгондорго багышталып куран окулду. Андан сырткары студенттер тарабынан эскерүү ырлары айтылды.
"Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, Ооган ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Үч ардагерге эмгектери үчүн атайын орден, төш белгилер ыйгарылып, бир катар катышуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ооганстандагы согушка Жалал-Абад шаарынан 100дөн ашуун жоокер аттанып, алардын экөө согуш талаасында курман болгон. Учурда калаада 82 ардагер бар. Аларга республикалык бюджеттен ай сайын 6 миң сомдон берилет. Ал эми шаар казынасынан жылына бир ирет 2 миң сомдон бөлүнөт.
Быйыл Советтик аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгына 32 жыл болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан