Кыргыз өлкөсүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында кошумча шайлоо тилкелери ачылат. Бул тууралуу чечим бүгүн, 15-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңешке шайлоо ушул жылдын 11-апрелинде өтөт. Анда 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо болот. Алардын ичинде 28и шаардык кеңештер, калганы айылдык кеңештер.