2021-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, Азия чемпиондугуна жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Окуу-машыгуу жыйын 12-февралда старт алган жана 28-февралга чейин уланат.
Окуу-машыгуу жыйынына төмөнкү спортчулар тартылган:
1. Тыныбекова Айсулуу, салмак категориясы 62 килограмм;
2. Медет кызы Айпери, 76 килограмм;
3. Жуманазарова Мээрим, 68 килограмм;
4. Анаркулова Нураида, 57 килограмм;
5. Марсбек кызы Назира, 57 килограмм;
6. Сазанова Дильноза, 62 килограмм;
7. Билимбек кызы Калмира, 57 килограмм;
8. Нурланбек кызы Жаркынай, 50 килограмм;
9. Жуманазарова Сезим, 59 килограмм;
10. Изабеков Нурбек, башкы машыктыруучу
Окуу-машыгуу жыйыны спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.