Интернет жылдызы Бекболот ырчы Нурлан Насипке жолукту

Ысык-Көлдүн Балбай баатыр айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылып интернет жылдызына айланган Бекболот ырчы Нурлан Насип менен жолугушту. Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.

"Учурда интернет жылдызы болуп жаткан Бекболоттун кыялын орундатып Бишкек шаарынан жолуктук, аябай ширин бала экен. Келип эле Асел жеңесин (ред. Асел Кадырбекова) сурайт бизди кубантып. Келечегиң кең болсун, иним", - деп жазды ал.

Буга чейин интернет жылдызы Бекболоттун президент Садыр Жапаров менен жолугушары тууралуу имиштер тараган. Ал эми президенттик аппарат Садыр Жапаровду Бекболотту кабыл алары тууралуу бүгүн, 16-февралда белгилүү болорун айтышкан.

Интернет жылдызы Бекболот Нурлан Насипке жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat-123
2021-02-16 03:11:27
Азыр үйүңөргө барып жатам э?..дейби?)
аябай шустрый балакайго ыя:)
+2
rysik79
2021-02-16 06:52:03
Эми ушул баланы эрмектеп алыштыбы?
+5
Asmat84
2021-02-16 08:02:38
rysik79,ошону айтсаң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан