Кечээ, 15-февралда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок шаарларында «Мектепке электрондук кабыл алуу» башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2021-2022-окуу жылына 1-класска кабыл алуу 6-7 жашка чыккан балдар арасында жүргүзүлөт. Баланы каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына катталуу керек.
Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында «Мектепке электрондук каттоо» аркылуу 1-класска балдарды кабыл алуу 15-апрелде башталып, кабыл алуу 15-августка чейин уланат.