Чек ара аймактарындагы калктын жашоосун жакшыртууга багытталган программа сунушталууда

2021-2025-жылдарга карата чек ара аймактарындагы калктын жашоосун жакшыртууга багытталган программа сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев аталган программа Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштыруу, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган калктын турмушун жакшыртуу максатында иштелип чыкканын маалымдады.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов чек ара аймактарындагы элдин социалдык-экономикалык маселелерине токтолду. "Калктын турмушун жакшыртуу аркылуу гана чек арага жакын аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Анын ичинен, коңшу мамлекеттер менен жүргүзүлүүчү соода байланыштарын камсыздап беришибиз керек",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан