Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы алмашты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын Гүламжан Анарбаев жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. Анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды.
Анарбаев 2018-жылы 6-июлда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча аталган кызмат Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болот.