Чаткалда 3 эркек зордуктап жүргөн деген жабырлануучу жигит милицияга тосмо арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки бөлөм жана кошунамдын баласы зордуктап жүргөн деп милицияга кайрылган бала тосмо арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылгандыгын тастыктайбыз. Бирок бул факты оор кылмыштардын катарына киргендиктен, тергөө амалдары мыйзам чегинде жүргүзүлө берет",- деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну кайрылып, "2010-жылдан бери бөлөлөрүм коркутуу, үркүтүү жолу менен зордуктап жүргөн" деп билдирген. Ал эми милиция арыз келип түшкөнүн тастыктап, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nuri1988Elim2010
2021-02-16 11:10:42
Эмне түрткү болду экен тосмо арыз жазууга
+11
Nina.alex
2021-02-16 14:12:15
Nuri1988Elim2010,коркуткандыр да. Азыркы замандын корунушу ушундай
+6
Nursul
2021-02-16 11:18:31
Тосмо арыз жазат экенсиң башында арызданбай эле жүрө бербейт белен. Адамдарды түшүнбөйсүң арыз жазышат да бир сыйра ызычу кылып туруп тосмо арыз жазып коюшат.
-9
erkeleim
2021-02-16 11:22:07
Nursul,коркутуу болуп жатат дедиго эжеси. Бизде баарын акча чечет. Соту да, прокурору да акча жиндиси. Бала коркконунан тозмо арыз берди. Адвокаттар акчасыз анын укугун коргобойт.
+12
Nursul
2021-02-16 15:14:39
erkeleim, жоок тууган ушунча намысын тебелеп жүрүшүптүр арыз жазды жазгандан кийин коркутмактан балакет кылса деле тосмо арыз жазбай аягына чыкса болот эледа коркуткандан да намыс өйдө турат го.
+4
al-abu-kinesz
2021-02-16 11:32:50
Коркутуу болду, тууганчылык, кошуначылык болду, уй алып беребиз машина алып беребиз деген таттуу таттуу сунуштар болду да.
+9
nazira...
2021-02-16 11:42:30
Бул баладан башка дагы башка балдарды зордуктагандыр, токтотпостон аягына чыгып жазалаш керек акмактарды. Керек болсо ачыкка чыгарыш керек айбандарды. Ар бир үйдө.бала бар неге жөн коюш керек, жылдар өтөт анан дагы бир күнү кылат да кылыгын.
+10
Dastanali
2021-02-16 11:47:25
Бактылуу болгула
-2
Ozgocho111
2021-02-16 12:50:46
Коркутуу болгону турган иш, закон иштебеген олкодо жашайбыз ансыз деле...
+7
rola
2021-02-16 19:21:20
Кудай жазанарды берсин!
+2
Margo82
2021-02-16 21:45:37
Айыл эли кой эми деп ортого түшкөндөр да ,көп кылмыштар ушинтип жабылып кетет өзү.
0
Birimdik5555
2021-02-17 11:03:42
Тосмо арыз жазба алар сенден башкаларга да кордук корсотушу мумкун, акча жеген соттор, ортого кой эми деп тушкон ортомчулар (эгер ушундайлар болсо) силердин да балдарынар бар, неберелеринер бар алардын келечегин ойлонгула. Ушу баладай болуп кордолбосун десенер адилет чечим чыгаргыла!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан