Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок шаарларынынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу башталды. Электрондук каттоо канча этап менен өткөрүлөт, кандай документтер керектелет? Жообу төмөндө:
Каттоо бир этап менен өткөрүлөт. 2021-2022 окуу жылына карата баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн онлайн арыз берүү үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз. Андан соң "подать заявку" деген жерди басып, киресиз.
Алгач онлайн каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтерди дайындап алуу кажет:
Кабинетке кирген соң ата-энелер жеке маалыматтарын киргизиши абзел.
Баланын ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү - арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
Мектепке электрондук каттоо АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:
Белгилей кетсек, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 15-апрелден 15-августка чейин "Мектепке электрондук каттоо" АМС аркылуу жүргүзүлөт.
Мектепке электрондук каттоонун максаты - АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп эсептелет.
Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефондору: