Айыл башчыдан 60 миң сом пара алганга шектелип Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

Пара талап кылууга шектелип Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ,15-февралда Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору А.М. кармалды.

"Эсептөө палатасынын инспектору А.М. Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган.

Кармалган А.М. Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат",- деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mustafo
2021-02-16 11:38:56
Ээми эмне болот эртеге кайра үй камагына чыгабы аны айтып койушпайбы
0
Rahat.
2021-02-16 13:24:19
Кармап чыгарбай ушундай кылгандардын Уй мулкун конфискаця кылыш керек булардын айлыгы чон кирген жерден Бекер тамак жеп коркуткан конуп калышкан да
0
Nursul
2021-02-16 15:08:41
Бут эле жерде ушундай көрүнүш айыл өкмөттөрдүн баарын алмаштырыш керек. Мисалы менин айымдагы айыл өкмөт айыл башчы жер комитети жайыт комитети болуп баарысы жегичтер мамлекеттен бөлүнгөн акчаны жешет мамлекетке караштуу жерлердин баарысын өзүлөрүнө документтештирип алып азыр элдерге участок кылып сатып жатат жерлердин баарысын эле ушулар элеп алышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан