Биз социалдык тармакта

Өлкөдө COVID-19дан үй шартында 372 бейтап дарыланууда

Акыркы суткага алынган маалыматка ылайык, 420 бейтап стационарда, үй шартында 372 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөбаев брифинг учурунда билдирди

Стационарда дарылануудагы - 420 бейтаптын ичинен:
1 адам - канааттандырарлык абалда;
275 - орто оордукта;
115 - оор абалда;
29 - өтө оор абалда.

Мындан сырткары бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар жок. Ал эми бир суткада стационардан – 1, үй карантининен - 2 медкызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында илдет аныкталгандар – 4 миң 196. Алардын ичинен 4 миң 121 медкызматкер сакайды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан