
«Ош» эл аралык аэропорту Алматы шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ош» эл аралык аэропорту бүгүн, 16-февралда «SCAT» авиакомпаниясынын «Алматы-Ош-Алматы» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
Бул каттам менен Алматы шаарына 1 жаш баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти.
«МЭА» ААК COVID-19 пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.