Баткен облусунда 20 жумушсуз аялга тигүүчү машина берилди

Баткен облусунун алыскы чек аралаш айылдарындагы жумушсуз аялдарга “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Smart Generichn” коомдук фондунун колдоосу менен тигүүчү машиналар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жана аталган фонддордун жетекчилери, тигүүчү машиналарды кечээ 15-февралда Лейлек районунун чек арадагы Максат, Арка, Маргун айылдарындагы аялдарга тапшырса, бүгүн Кызыл-Кыя шаарында тапшырылып жатканы маалымдалды.

Жалпы болуп облуста 20 аялга, 20 тигүүчү машина берилген.

"Бул иш-аракеттин максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, киреше табуу менен жашоо-шартын жакшыртуусуна көмөктөшүү болуп саналат",- деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2021-02-17 08:11:56
Кесипчиге тигүүчү машина, унааданда артык турат. Эн жакшы, ишинерге ийгилик.
+1
nazira...
2021-02-17 09:21:31
Пограничный зонада жашагандарга көбүрөөк беришсе ушундайлар менен жакшы болот эле. Союз маалында алар кийгенди биз кие албайт элек ошондой кылып.
0
nazira...
2021-02-17 09:25:15
Бирок алгандарын кайра эле бизге, же тажиктерге сатып жибербеш үчүн бир цех ачып иш менен камсыз кылса жакшы.болмок. сатып жиберип кайра эле жок, дагы бер дей беришет да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан