Чүйдүн Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ыссык-Ата РИИБине арыз менен Боз-Бармак айылынын тургуну 26 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран кайрылган. Арызда 2021-жылдын 24-январына караган түнү анын короосундагы сарайдан жылкы уурдалганын билдирген.
Аталган факты боюнча сотко чейин өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 28 жаштагы А.С. аттуу Чүй облусунун тургунун кармашкан. Кылмышка шектүү буга чейин мал базарында уурдалган жылкыны ири суммадагы акчага сатып, өз муктаждыктарына жумшагандыгы белгилүү болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.