Биз социалдык тармакта

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом сарпталат

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, чыгымдар сметасы кечээ, 15-февраль күнү БШКнын кезектеги отурумунда бекитилген.

“425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү”,- деди Бекматов.

Буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтө турганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muratmipa
2021-02-16 20:02:57
Только акчаны тигиге жумшалды Буга жумшалды болуп журо берет экенбизда . Бир мындай проблеманы чече Турган ишке жумшаса болот элего. Ар Бир айыл окмоттун моюнуна илип салыш керек эле кандай кылсан ошенитип откоргуло шайлоону деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан